Мир Кадыр 2 : другие произведения.

Эңсегенде...

Самиздат: [Регистрация] [Найти] [Рейтинги] [Обсуждения] [Новинки] [Обзоры] [Помощь|Техвопросы]
Ссылки:


 Ваша оценка:


Убагында жумурткадай аппак элең
Өз кезинде жарашыктуу акиленген
Беш бөлмө үй баардыгына ичи кенен
Жүрөгүмдү жылытчу элең демиң менен

Ичке тактай тосмолорун алжапкычын
Жайнап турат герань гүлү терезеде
Короо ичи мелтиреп шыпырылган
Беш бөлмө ошол кездин берекеси

Беш бөлмө үй азыр деле кутуң барда 
Азыр дагы сени эстейм сагынганда
Балалыгым өтүп кеткен арт жагымда
Кагаз баттер эстем сага кайрылганда 

Атам тиккен бай теректер жол боюнда 
Аскерлердей тизилип боюн керип, 
Сени коргоп турган өңдүү сезилчү эле,
Шамал аяр сылап өтчү секин желин.

Бай теректин бүчүрлөрү ачылганда,
Булаларын жел сапырып чачылганда,
Сулуугуң арта берчү ого бетер
Эс алчумун сени көрүп чарчаганда.

Бала-кезим өттү кетти  жел сапырып,
Кайрылууга чалоом жок сени издеп
Беш бөлмө үй эми калдың каякта?
Акыл айтат эстеп аны ыр жазгын деп.

Чалоом тийди бир күн келдим, эстедим...
Жылдар өтүп карыптырсың сен дагы. 
Жол калыңдап, катмарланып, бийиктеп
Сен бөкчөйүп карып болдуң сен дагы...

Алыс кеткем сагындым, самап келдим,
Келдим, көрдүм, ата үйүм барсыңбы?
Көрдүм бирок таппадым балалыгым
Такыр бөлөк өзгөрүпсүң, карыпсың.

Терезеңде гүлдөрүң жок ачылган,
Бүчүрлөр жок бубак болуп чачылган,
Жашташ элек, сенбиринчи карыпсың, 
Тийген өңдүү жүрөгүңө чагылган.

Байоо тилек, тилеп сага кайтайын,
Ойлорумду эми кимге айтайын,
Көрдүм бирок көңүлүм тынчыбады,
Жаным тынып эми кантип жатайын?

Сага келип кеңешип, сыр чечишип, 
Ойлодум элем сагыныч тарайт го деп...
Бирок сенин мени тосчу дарманың жок,
Кеттим алыс кайрылбай, койгонум эч.



Мен уктум кечээ, бир акын жазган ырларын
Сен үчүн төгүп, жүрөктө жаткан сырларын
Сөздөрдө турат, гүл өнүп,  булбулу сайрап,
Аңкыган бакта аралап өзү жүрүптүр
Айланып тоосун, талаасын, жерин-кырларын.

Тизилген сөздөр, жүрөккө жагат бал болуп,
Бутагы бүрдөп, көлөкө түзөт тал болуп,
Шылдырап аккан суусу да ырдайт куюлуп,
Жайнаган гүлү, адырда аңкыйт кыр толуп.


А менин жазган ырларым
Супсак, тузу жок, мурчу да жоктой...
Мен менсиз Теңир,  жаза албайм,
Ага албайм дагы, жүрөккө толгон сырымды 
Бирок ката да албайм.

Бүгүн да кечте ырларым Сага,
Сырларым Сага арналды
Жашырам кантип
Жаныма толгон арманды?
Сен жокто жаным ыйлайт да,
Күлөт да, кээде ырдайт да...

А бирок толуп жанымдын
Бөксөөсү мелт-калт.
Сен келип толго алганда
Энемдей эмизип баккан
Ак сүтүн берген адамдай

А бирок менден таптакыр
Жадаган жоксуң  Теңир
Менден түк да түйүлбөдүң үмүт үзүп,
Ишенип, тилек кылып келатасың
Дагы деле жашоомо план түзүп.

Кооз сөздү жаза албадым акын болуп
А ордуна жүрөгүмө куса толуп
Сөздөрүм коюлушуп чубурган жок
Маңызы жок сөздөрүмдү келдиң угуп.

Теңирим сенин келишиң
Жаркырап жаздай күлүшүң
Бар дүйнөм толуп-ташып
Байлык конуп, жаным толуп
Алаарым сендей үлүшүм...

Берээриң мага, бул жердин таза жемишин
Аларым менин асмандан берген жеңишин
Күйөөрүм мени ыйгарбай мени башкага 
Чегилет менде бар болгон көйгөй.

Бир гана сенин келишиң ,
Сен барда таза Рухум да,
Жанымдын ичи, төрү да.
Сөздөрүм анык, жазылган баракта көбү да.

Бир гана сенде ыймандай сырым ачылат,
Жан дүйнөм жыргап катылган ойлор чачылат,
Себепти терем, акылга келген 
Максатым жазам жана айтам
Чер жазам Сенде, унутам Сенде
Сергийм да Сенде.
Сагынам дүйнөм, эңсеген дүйнөм
Сен менен толот, көксөөм басылат.

Жашоом супсак сенсиз Теңир
А менин белдүү адамым жок.
Белимди курчап турган
Жалгызмын Ата Сенсиз.
Жанымда күйөөрүм жок, 
Эсептешпей, сүйүп жана кучактаган.

Эгерде мен сүйүүгө тойгон болсом
Ааламдын ээсин Теңиримди
Унутмакмын, кастарлабай.
Эгерде мага бийлик тийген болсо
Колумда максат жана байлык болсо
Кечир Теңир, сен мендей пендеңди
Калмакмын мен сени кадырлабай.

Ыйлабайм, мен ошого армандабайм,
Сүйүүгө тойгон жокмун адамдардан.
Ала албай калдым ошол сүйүүнү деп,
Дүйнөдөн издебеймин, бирөөнүн бут алдына
Күтпөймүн, кайгырбаймын жалпаңдабай.










 Ваша оценка:

Связаться с программистом сайта.

Новые книги авторов СИ, вышедшие из печати:
О.Болдырева "Крадуш. Чужие души" М.Николаев "Вторжение на Землю"

Как попасть в этoт список
Сайт - "Художники" .. || .. Доска об'явлений "Книги"